super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад жана Исфана шаарларындагы аэропортторду реконструкциялап, өнүктүрүү планы иштелип жатат

 
Жалал-Абад жана Исфана шаарларындагы аэропортторду реконструкциялап, өнүктүрүү планы иштелип жатат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев 14-июлда өлкөдөгү аймактык аэропортторду өнүктүрүү маселелерин талкуулаган жумушчу жыйында айтты. Ошондой эле жыйында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, “Манас” Эл аралык аэропортунун жана Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги өлкө аймактарындагы аэропорттордун абалы боюнча маалымат беришти.
Отурумга катышкан премьер-министр Темир Сариев тиешелүү органдарга аймактагы аэропортторду өнүктүрүү долбоорун тез арада иштеп чыгууну тапшырды. Бул жаатта Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: