Калктын жакыр катмарына июль айында берилген төлөмдөрдүн жалпы суммасы 531 миллион сомду түздү
Социалдык өнүгүү министрлиги июль айында жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жөлөк пул катары 379,7 миллион сом берди. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда аталган министрликтен билдиришти. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдарга 30 миллион сомдон ашуун, акчалай компенсация жана жеңилдиктер, ритуалдык кызматтарга 121,7 миллион сом каражат жумшалганы айтылды. "Калктын жакыр катмарына июль айында берилген төлөмдөрдүн жалпы суммасы 531 миллион 464 400 сомду түздү",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

