super.kg logo

Орусияда аскер казармасы ураганда каза болгон 23 адам жерге берилди

 

Орусияда аскер казармасы ураганда каза болгон 23 адамдын сөөгү 14-июлда жерге берилди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Иш-чарага набыт болгон аскерлердин туугандарынан сырткары аскердик бөлүктүн бардык жеке курамы, Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, Омск облусунун жетекчилиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышышты. 

Белгилүү болгондой, окуя орун алган казарманын аймагына маркумдардын элесине арналган эстелик тургузулат. ӨКМ тарабынан курулуш материалдары берилип, курулушту Коргоо министрлигинин башкы аскердик инспектору жетектейт.

Эске салсак, Омск облусунда 13-июлга караган түнү төрт кабаттуу казарманын бир бөлүгү кулаган. Акыркы маалыматтарга караганда, кырсыктан 23 адам каза тапкан. Имараттын пайдубалы чөгүп кеткенинен улам казарма ураганы айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.07.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жерлери жайлуу болсун,байкуштар жаштар баары
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: