super.kg logo

Жалал-Абадда ооруканага жаткырылган 8 адамдан сибирь жарасы аныкталган жок

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда "сибирь жарасы жуккан" деп күмөндөлгөн 8 бейтаптан сибирь жарасы аныкталган жок. Бейтаптар дары-дармектер менен толук камсыз болуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу 15-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, 10-июлда бейтаптардан сибирь жарасы оорусуна анализ алынган, ошондой эле жылкынын жана уйдун эти Жалал-Абад облустук жана Бишкек шаарындагы Республикалык ветеринардык лабораторияга тастыктоого жөнөтүлгөн. Мындан сырткары аймактагы Райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү эл арасында аталган илдет боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, 8-июлда райондогу Ак-Суу айыл аймагынан 8 адам (Жаңы-Талап айылынан 5 адам, Коргон-Төбө айылынан 1 адам, Ак-Төбө айылынан 1 адам жана Ак-Сай айылынан 1 адам) сибирь жарасына күмөндөлүп райондук ооруканага жаткырылган. Алар Д.Айталиев жана Н.Төрөбаев аттуу жарандардын ылаңдаган 1 баш жылкы жана 1 баш уюн союп, элге тараткан эттен жеп алышкан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: