Укук коргоочу: "Милиция күйөөсүн сабаганы аз келгенсип, аларды сүрөткө тартып алган аялын 2 күнгө камап салган"



"ИИМ толугу менен криминалдаштырылган". Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда маалымат жыйындын жүрүшүндө коомдук укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында, акыркы бир жума ичинде милиция кызматкерлери 3 адамды ур-токмокко алышкан. Алардын арасында отставкадагы полковник да бар.
“Полковникти бир жума мурун кетип бара жаткан жеринен кармап, ур-токмокко алышкан. Натыйжада анын мурду жана бетинин башка бөлүктөрү сынып, жабыркаган. Мындан тышкары денесинин баары көк ала болгон. Кийими жана жер канга боёлгон.
Мындан тышкары жакында күйөөсүн уруп жаткан күч органдарын аялы уюлдук телефонго сүрөткө тартып алганы үчүн милиция кызматкерлери ал аялды 2 күнгө карцерге камап коюшкан. Алардын үйүндө кичинекей балдары калган. Мен ички иштер министрине кайрылам, бул эмне деген көрүнүш?”- деп суроо салды Үмөталиева.


"Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү дайыма тегиз чагылдырып келет.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
эмес,бир карын майды бир
кумалак сасытат дегендей
арасында бар.Ошолордун
зыяны башка милицияларга
тийип атат.Баардыгын
жаман дегенден алыс болойлук.