super.kg logo

Отставкадагы полковник Абдували Акжоловду сабап кетишти

 
Милициянын отставкадагы полковниги Абдували Акжолов
Марапат Акжолова

Отставкадагы полковник Абдували Акжоловду 3-июлдан 4-июлга караган түнү сабап кетишти. Бул тууралуу полковниктин бир тууган эжеси Марапат Акжолова 15-июлда өткөргөн маалымат жыйынында айтып чыкты. Анын билдиришинче, полковникти күч кызматтарында иштеген ондой кызматкер сабаган. 

"Иним такси айдап келе жатканда ага каратып ок чыгарышкан. Ок унаанын алдынкы айнегин талкалап кеткен. Андан соң алар Абдувалини унаадан түшүрүп алып аёосуз сабашкан. Ал ошол жерде эсин жоготкон, бирок сабагандар ошол замат "Тез жардам" унаасын чакырбай, 5-6 сааттан кийин гана Бишкектеги №4-шаардык ооруканага жеткиришкен",- деди бир тууганы Акжолова. 

Учурда ал Республикалык ооруканада оор абалда жатканын кошумчалады. 

"Күч органдарынын айтымында, Абдували окуя болгон күнү бир кап баңгизат жана ок атуучу курал менен кармалган. Бирок "күбөлөндүрчү кагаздарды көрсөткүлө" десек, бизге бербей жатышат. Менин иним жөн гана такси айдап үй-бүлөсүн багып жүрчү”,- деди Акжолова. 

Абдували Акжолов 2010-жылдары ИИМдин 9-Башкармалыгынын (азыркы 10-Башкы башкармалык) башчысы болуп иштеген. 

Айта кетсек, Абдували Акжолов 2010-жылдын 7-апрель окуясы учурундагы талап-тоноо фактысы боюнча айыпталып жаткан. Ошондой эле "Манас" аэропортунун өкүлүн коркутуп, 7,5 миллион сом алуу жана экс-муфтий, маркум Мураталы ажы Жумановдон акча талап кылуу кылмышы боюнча да күнөөлөнгөн. 2013-жылы 1-мартта Бишкек шаарындагы Аламүдүн райондук соту ага 13 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок өкүм күчүнө кире электе иш Чүй облустук сотуна өткөрүлүп, тиешелүү чечим бүгүнкү күнгө чейин чыгарыла элек.  

Муну менен катар 2013-жылдын апрель айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан пара алуу кылмышы боюнча ИИМдин кызматкери А.Акжолов жана аталган министрликтин пенсионери Н.Жаналиев кармалган. Алар Бишкек шаардык кеңешинин депутатынан 2500 доллар пара алгандыгы үчүн айыпталышкан. УКМКнын басма сөз кызматы пара алган адамдар депутаттын өмүрүнө кол салуудан алдын ала сактап калуу убадасы менен 10 000 доллар акча талап кылышкан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, колго түшкөн 2 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. 4 ай камакта отурган соң тосмо арыздын негизинде иш кыскартылып, Акжолов эркиндикке чыгарылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.07.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Карга карганын козун чокубайт"-деген соз модадан калган окшойтко. Биздин куч органдары элдин кызыкчылыгын, тынчтыгын, коомдук тартипти коргобостон оздорунун кызыкчылыктарын жогору коюшат. Бул дагы бир ошонун мисалы болсо керек
15.07.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
куч органдары кутуруп атат. мушташ учурунда жашынып, кылмышкер кеткенден кийин жабырлануучудан штраф алат.
15.07.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
yslam, коруп жургонсуп жаздынго качып кетет кеткенден кийин келет деп иштеп эле жатышат беш кол тен эмес,андай болсо сен барып иштебейсинби отуруп сындагандан башка билбейсин
15.07.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Озу далайды сыздаткан неме экен го.Таба эмес тобоо жогорудагы кылмыштарга катышы болсо чала эле болуптур акча болушо албагандыктан келип чыкты да.Билсин сабалып кордук коргон кандай болоорун сенин деле жанын ширин бекен жатасын го бурушуп полковник мырза
16.07.2015. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
taksi aidap ui buloosun bakchu dese boorun ooruit eken birok jogorudagy aiyptooloru chyn bolso emne deisin.bir kishini 10kishi sabagany tuura emes go. Markum Myrataaly Ajy Jumanov kandai kaza boldu ele. JASHOO-BUMERANG
16.07.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынч эле жургон кишини ким сабап салсын?..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: