Айдоочудан 5000 сом талап кылуу окуясындагы башкы каарман "Дрыщ" кармалды

Бишкекте айдоочудан 5000 сом талап кылуу окуясынын катышуучуларынын бири, социалдык түйүндөрдө "Дрыщ" аталып, чуу жараткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда SUPER.KG`ге укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти. Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурганы, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды. Жакында анын баш коргоо чарасы белгиленет.
Автор: Автандил Добулбеков
Эскерте кетсек, июнь айынын аягында интернетке МАИ кызматкерлеринин жарандык активисттерден акча талап кылып жатышканы тартылган видео тараган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада тасмадагы 2 жол-кайгуул кызматкери жана аларга көмөктөшкөн бир жаран (Жол-кайгуул кызматынын штаттан сырткаркы кызматкери экени айтылган) кармалып, аларга кылмыш иши ачылган. Жол-кайгуул кызматкерлери “опузалап пара талап кылуу”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча айыпталышууда. Ал эми "Дрыщ" жана штаттан сырткаркы кызматкер “ээн баштык” беренеси боюнча суракка алынууда.
Тергөөнү УКМКнын Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Маалымат алып, кабарлаганга аракет кылабыз.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.