super.kg logo

Депутат Хажимурат Коркмазов бүгүн кечинде СИЗОго киргизилиши мүмкүн

 

100 миң доллар пара алып жатып кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов бүгүн кечинде СИЗОго киргизилиши мүмкүн. УКМКнын маалымат кызматы депутат учурда сыртта экенин кабарлады. "Депутат учурда сыртта жүрөт. Азырынча бизде ушул гана маалымат бар, башка эч нерсе айта албайбыз",- деди басма сөз кызматынын өкүлү.

Айта кетсек, Коркмазов бүгүн, 15-июлда 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Депутат Жогорку Соттогу отурумда Нариман Түлеевдин акталышына жардам берүү үчүн экс-мэрдин туугандарынан 200 миң доллар талап кылган. Учурда Коркмазовго "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери жүрүүдө.

Хажимурат Коркмазов 2010-жылы "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп шайланган, учурда "Реформа үчүн" депутаттык тобунун мүчөсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
15.07.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне учун мумкун мумкун сумкуну жок эле тыгыш керек.Эртен жанына Нарынбаев келет деп туруп
15.07.2015. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эчак кириш керек эле-(((
15.07.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Реформа учун депутаттык тобунун мучосу Хаджимурат Коркмазов мырза эми озуно реформа жасайт экенда буюрса эээээ, эч жакпайтда ушул киши, бул кишини ким депутаттыка алып келсе ошол киши акмак дейт элем чын жакпайт
15.07.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
башка чабактарды сразу эле колуна кишен салып баса калып тим эле телевидение гезиттерден бери ой кармалды деп суротторун илип коюшат элего, эмне бул китке алдары жетпей калыштыбы сразу колуна кишен сала алышпай, сыртта журот дегени мен эми тушундум бул акамактардын созуно качырышыптырда кой качып кет деп
15.07.2015. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сыртта журсо кечинде кантип сизого тушот? Же кел келекой деп чакырышабы?
15.07.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мунуда башка олкого качып кетти деп акчасын алып кутулушат....
15.07.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Муну кандай тушунсок болот? Жана еле кармалып сурак берип жадат дединер елего я? же тамеки чегип келелейин деп сыртка чыгып кеттиби? Ошол кармагандардын оздору да корупцянер екени билинип калды
15.07.2015. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пара берип кармалса, дагы эле сыртта журобу??? тушунбодум. же кечинде сени кармайбыз деп кое бериштиби)))
15.07.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
саясатына да законунада ТФУ.
15.07.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кеч киргече Кыргызстандан чыгып кетсе эмне кыласынар
15.07.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УКМДА Коркмазов сурак берип жатат, Нарынбаевтида куноолу деп айтты, деп жазылып турат анан эле сыртта журот дейсинер? Сыртта дегнинер башка олкодо дегенида чынбы? Анан кантип сурак берди?
15.07.2015. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кормазовдун коркпос колдоочулары кучтуу окшойт...?
15.07.2015. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каркмозов бул жерде отомчу же болбосо пешка болгон. Ортодо суйлошулгон акчаны Нарынбаев Каркмозов аркылуу гана алмак болгон,бекеринен Нарымбаев да бар деп атып жатат дейсинерби. Нарынбаев апарат жетекчиси,ажонун он колу,бийликтин тортунчу адамы болуп эсептелгендиктен тулеевдин сот айыбын озоортууго албетте колунан келет,ошондуктан ортодо кок акчалар албетте чоон чоон айтылат. Каркмозов жалгыз анча ала албаса керек эле 100$.
15.07.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edu.kg., УКМ да бийликтики озун шефин кантип кармасын? Бул жерде биз тушунбогон бир нерсе болтат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: