super.kg logo
  Саясат  

Данияр Нарымбаев: "Депутат Коркмазов менин Нариман Түлеевдин кызы менен жолугушуумду суранган"

 

Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев бүгүн, 15-июлда журналисттерге жыйын өткөрүп, парламент депутаты Хажимурат Коркмазовдун пара менен кармалышы тууралуу түшүндүрмө берди. Аппарат жетекчиси депутат Коркмазов тарабынан өзү тууралуу айтылгандарды четке какты. "Коркмазовдун өтүнүчү менен бир нече ай мурун Түлеевдин кызы менен жолугушкам. Ал соттун чечимине нааразы экенин билдирди, мен анын Жогорку Сотко кайрылышы керектигин айткам. Кийин ушул эле депутаттын өтүнүчү боюнча аны менен (Түлеевдин кызы менен) кайра жолугушуп, ушул эле тууралуу сүйлөштүк. Жолугушууларга менин жардамчым жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков да катышкан. Бир нече күн мурун Коркмазов Түлеевдин кызы менен дагы жолугушуумду суранган, мен баш тарткам. Мындан башка сүйлөшүү болгон эмес",- деп билдирди Нарымбаев.

Бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалды. Депутат кесиптеши, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин иши Жогорку Сотто каралганда жардам берем деп экс-мэрдин жакындарынан 200 миң доллар талап кылган. Аталган сумманын жарымын алып жатканда кармалып, учурда сурак берүүдө. Суракта Коркмазов бул ишке Данияр Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирди.
Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Н.Түлеевди эки инстанциядагы сот күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Азыркы тапта кылмыш иши Жогорку Сотто каралууда. Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган.

кошулду





Данияр Нарымбаев: "Түлеевдин кызынан пара сураган эмесмин"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: