"Депутат Коркмазовдун Түлеевдин акталышына жардам берүү үчүн пара алуусуна мен ортомчу болгон эмесмин" дейт Нарымбаев

"Депутат Хажимурат Коркмазовдун Нариман Түлеевдин акталышына жардам берүү үчүн анын жакындарынан 100 миң доллар пара алуусуна мен ортомчу болгон эмесмин",- дейт президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев. Аппарат башчы бул тууралуу бүгүн, 15-июлда журналисттер менен болгон жолугушуусунда айтты. Ошондой эле Коркмазовдун "Нарымбаевдин бул ишке катыштыгы бар" деп айтканын сот чече турганын белгиледи. "Биринчиден, депутаттын минтип айтканын маалымат каражаттарынан азыр гана окудум. Анткени саат 15:00дөн баштап мен өзүм жетектеген Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйынында болуп, азыр гана чыктым. Экинчиден, бул ишке аралашкан болсом, укук коргоо органдарынан келип мени суракка алмак, эч ким келген жок. Демек, анын айткандары калп, бирок бул ишти сот гана чечет",- деди ал.
Данияр Нарымбаев: "Түлеевдин кызынан пара сураган эмесмин"


