Депутат Хажимурат Коркмазов бүгүн камакка алынып, тарапташтары митингге чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов бүгүн кечинде СИЗОго камакка алынды. Учурда депутаттын тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо кызматтарындагы өздүк булак кабарлады. Учурда 50гө жакын тарапташы анын абактан бошотулушун талап кылып турушат.
Айта кетсек, Коркмазов бүгүн, 15-июлда 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Депутат Жогорку Соттогу отурумда Нариман Түлеевдин акталышына жардам берүү үчүн экс-мэрдин туугандарынан 200 миң доллар талап кылган. Ага "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.
Хажимурат Коркмазов 2010-жылы "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп шайланган, учурда "Реформа үчүн" депутаттык тобунун мүчөсү.

Улуттар аралык түшүнбөстүктү жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Кайсыл акмактар ушул учун митинге чыгып жатат.
Озубуздун жерде башкаларды бийлике алып келип журо беребизби.
ХХХ ХХХ ХХХ...
Улуттар аралык түшүнбөстүктү жарата турган билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт.
Озубуздун жерде башкаларды башкартып коюп журо бергиле эми.
http://www.super.kg/jylnaama/event/18655
Бул акем 1995-жылдан бери депутат экен. Элестеткиле ошондон бери пара алып журсо, байлыгы, акчалары чирип деле кетсе керек... Мдееее...
жоголсун башка айтар нерсе татыбайт.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.