super.kg logo
  Саясат  

20-июль күнү 49 миң кыргыз жараны Орусиянын "кара тизмесинен" чыгарылат

 
Кыргыз мамлекетинин 49 миң жараны 20-июлда Орусиянын "кара тизмесинен" чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Маалыматка таянсак, бул 49 000 жарандын ичине соттун же укук коргоо органдарынын чечиминин негизинде Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган жарандар кирбейт. Ошондой эле Орусиянын аймагына кирүүгө 5 жана 10 жылга кирүүгө тыюу салынган жарандар да "кара тизмеден" чыгарылбайт. 3 жылга депортацияланган жарандар гана чыгарылганы жатат. 
Федералдык миграция кызматы чектөөсү алынган жарандардын аты-жөнүн атайын тизме менен жарыялай турганын билдирүүдө.
Ал эми миграция мыйзамдарын бузуп, "кара тизмеге" кириши мүмкүн делген 194 миңдей кыргыз өлкөсүнүн жарандары 2015-жылдын 1-ноябрына чейин Орусиянын аймагынан сыртка чыгып-кириши, кирип жатканда келүү максатын жумуш деп көрсөтүшү керек. Мындан кийин алардын Орусиядагы миграциялык тарыхы жаңыланары айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: