super.kg logo
  Саясат  

Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети 5 жыл ичинде 137 мыйзам долбоорун караган

 

Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети 5 жыл ичинде 158 жыйын өткөргөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда аталган комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев Бишкектеги мектептердин мугалимдери менен жолугушууда билдирди.

“Билим берүү жаатындагы мыйзам базасы бүгүнкү күндүн көптөгөн талаптарына жооп бербейт. Бизде орто жогорку билим берүү, ЖОЖдон кийинки билим берүү жөнүндө мыйзамдар жок, бул багыттар боюнча мамлекеттин мамилеси чачкын”,- дейт Осмоналиев. 

Депутаттын билдиришинче, 5 жыл ичинде комитетке 159 мыйзам долбоору келип түшүп, алардын 137си каралып, 22си кайра чакыртылып алынган. Алардын ичинен 92 мыйзам долбоорун өкмөт, 68ин депутаттар демилгелешкен. 48 мыйзам долбоору билим берүү жана илим жаатына, 15и интеллектуалдык менчикке, 8и дин чөйрөсүнө, 9у спорт тармагына тиешелүү экени айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: