super.kg logo
  Саясат  

Жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окуу китептерин кыргызчалатуу зарылдыгы айтылды

 
Жогорку Кеңеште бүгүн, 16-июлда мамлекеттик тил боюнча жумушчу комиссиянын жыйыны өттү. 

Жыйында алдыга коюлган пландын аткарылышы талкууланды жана сунуштар айтылды. Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов Маданият, туризм жана маалымат министрлиги буга чейин райондордун борборлоруна кыргыз китептерин сатуу боюнча бөлүмдөрдү ачуу иштерин толук аткара электигин сынга алды. Мамлекеттик кадр кызматына келген кайрылууларга жооптор кыргызча берилбей жаткандыгы жөнүндө арыздар бар экенин кошумчалады.  

ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин өкүлү кыргызча 26 кесиптик багыт боюнча китеп чыгаруу планы коюлганын, азыркы күндө 24 окуу китеби даярдалганын айтты. Айрым катышуучулар жогорку окуу жайлардын студенттери пайдалана турган китептерди кыргызчалатуунун зарыл экенин чечмелеп беришти. Алардын билдиришинче, 2-курстан кийин студенттер кыргызча окуу китептеринин жоктугунан улам орус тайпаларына которулуп кетип жаткан жагдайлар көп болууда. Натыйжада, 5-курста кыргыз бөлүмдөрү дээрлик жок болуп чыгары айтылды. 

“Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программада белгиленген милдеттерди өз деңгээлинде аткарабыз”,- деген депутат Чыныбай Турсунбеков жыйында айтылган сунуштардын үстүндө иштөөнү тиешелүү мекемелерге тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: