super.kg logo

Министр Эльвира Сариева Жайкы Универсиадада жалгыз медалга ээ болгон Дарья Маслованы куттуктады

 

Бүгүн, 16-июлда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Кванжу шаарында өткөн (Түштүк Корея) спортчу студенттердин арасындагы Жайкы Универсиадада коло медалга ээ болгон Дарья Маслованы куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, спортчу ушул жылдын 11-июлунда кыз-келиндер арасында 5000 метр аралыгында финалдык жарышка катышкан. Маслова бул аралыкты 16 мүнөт 4,09 секундада чуркап өттү. Жыйынтыгында 15 спортчунун арасынан 3-орунду алып, коло медаль тагынды.

Эске салсак, Кванжу шаарында 3-июлдан 14-июлга чейин Дүйнөлүк Жайкы Универсиада өткөн, кыргыз өлкөсүнөн спорттун төрт түрүнөн 22 студент катышкан: дзюдо, таэквондо, жеңил атлетика жана стол тенниси. 

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын чемпиону Дарья Маслова Кыргыз мамлекеттик спорт жана дене тарбия академиясынын студенти. Профессионал катары ал 17 жашында машыгып баштаган. Ысык-Көл облусунун Пристань-Пржевальск айылынын тургуну.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
16.07.2015. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
квартира жокбу бул землячкага
16.07.2015. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок дегенде акчалай сыйлык берсе болмок экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: