Асылбек Жээнбеков: “Орозо дилибизди ыйман нуруна бөлөп, тазаланууга жетелейт”

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков өлкөбүздүн жарандарын Орозо айт майрамы менен куттуктады. Спикердин куттуктоосунда булар айтылат:
Автор: Автандил Добулбеков
"Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу мусулмандар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан ыйык Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
30 күн парз кылынган орозо дилибизди жаратмандыкка, адал эмгекке, ыйман нуруна бөлөп, тазаланууга жетелейт, биримдикке өбөлгө түзөт. Ошол нур жааган Орозо айында жамы журт - баарыбыз келечекке илгери үмүт менен карап, аруу тилектердин кабыл болушун сурандык.
Алла Таала ар бир мусулмандын кармаган орозосун, тилектерин кабыл кылсын. Ар бир үйдөн ынтымак, ырыскы кетпесин, дасторкондо молчулук болсун, жергебизде тынчтык менен бейпилчилик орноп, өлкөбүз өнүгүп-өссүн!
Айтыңыздар маарек болсун, ардактуу мекендештер!"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

