super.kg logo
  Саясат  

Издөө жарыяланган адамдарды экстрадициялоо чараларын жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору ЖКнын тийиштүү комитетинен колдоо тапты

 

26-февралдагы ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында «КРнын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анда аталган долбоорду ЖКнын кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Демилгечилердин  айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору өлкөлөр ортосундагы алакаларды жакшыртууга жана издөө салынган адамдарды экстрадициялоо чаралары ыраатташтырууга багытталган. Талкууда депутат Элмира Жумалиева: "Эл аралык деңгээлде издөө салынган адамдарды Кыргызстандын аймагында кармоонун же анын тескерисинче Кыргызстандын укук коргоо органдары издеген адамдын чет өлкөдө кармалышынын укуктук негиздери азырынча ачык бойдон калууда", - деди.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: