Бишкекте Орозо айт намазы учурунда 2 адам эсин жоготкон, учурда абалдары жакшы

Бүгүн, 17-июлда кыргыз жеринде Орозо айт майрамы белгиленип жатат. Майрам эртең менен Айт намазын окуу менен башталды. Бишкектеги эски аянтта орун алган Айт намазында 2 адам эсин жоготуп, аларга "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган кызматтан кабарлашты.
Автор: Максат Кудайбердиев
Маалыматка ылайык, алардын бири милиция кызматкери болсо, бири катардагы жаран. "Бүгүн Айт намазына карата "Тез жардам" кызматы эски аянтка жана борбордук мечитке бирден унаа жиберген. Борбордук мечитте биздин кызматкерлерге кайрылгандар болгон жок. Ал эми эски аянтта эки адам эсин жоготкон. Алардын бири милиция кызматкери Нурлан Жазганалиев экен. Ал мурун башынан жаракат алганы аныкталды. Күн тийгени таасир берген деген божомолго келдик. Экинчиси Баткендин тургуну болуп чыкты. Анын кан басымы көтөрүлүп, эсин жоготкон. Буга анын көп убакыт ачка жүргөнү себеп болгон",- деди башкы дарыгер Майрам Өмүрзакова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.