Сот чуулгандуу "Дрыщты" үй камагына коё берди

Бишкектин Биринчи Май райондук соту айдоочудан 5000 сом талап кылуу окуясынын катышуучуларынын бири, социалдык түйүндөрдө "Дрыщ" аталып, чуу жараткан Адилет Жунусовду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Башкы прокуратуранын билдиришинче, 16-июлда аталган жаранды камакта кармоо өтүнүчү Биринчи Май райондук сотуна киргизилген.
Автор: Автандил Добулбеков
"Мындан тышкары анын Бишкекте туруктуу жашаган жеринин жоктугу аныкталган. Анын эркиндикте жүрүшү кылмыш ишин объективдүү иликтөөгө таасир этиши, арыздануучу тарапка кысым көрсөтүшү мүмкүндүгү айтылган. Бирок райондук сот айыптоочу тараптын дооматын эске албай, баш коргоо чарасын үй камагы деп тандоо менен аны камактан бошотту",- деп билдирет прокуратура.
А.Жунусов 15-июлда кармалып, убактылуу камакка алынган эле.
Эскерте кетсек, июнь айынын аягында интернетке МАИ кызматкерлеринин жарандык активисттерден акча талап кылып жатышканы тартылган видео тараган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада тасмадагы 2 жол-кайгуул кызматкери жана аларга көмөктөшкөн бир жаран (Жол-кайгуул кызматынын штаттан сырткаркы кызматкери экени айтылган) кармалып, аларга кылмыш иши ачылган. Жол-кайгуул кызматкерлери “опузалап пара талап кылуу”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча айыпталышууда. Ал эми "Дрыщ" жана штаттан сырткаркы кызматкер “ээн баштык” беренеси боюнча суракка алынууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
биздин соттор.Булар болбогондо кыргызстандын торттон бири зек болуп кетмек.Булар бар кудага шугур кармалгандардын баарын куноосуз кылып бошотуп жатышат.Просто адашып кармап алып атышатда