super.kg logo
  Саясат  

Азимжан Аскаровго сыйлык бергени үчүн кыргыз өкмөтү АКШны сындап, өкмөттөр аралык макулдашуудан чыгарын билдирди

 
Кыргыз мамлекетинин өкмөтү 2010-жылкы Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаментинин "Адам укугун коргоочу" сыйлыгын бериши боюнча билдирүү жасады. 
Билдирүүдө А.Аскаровдун аталган окуянын башталышына, укук коргоо кызматкеринин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө күнөөлүү экени Кыргыз Республикасында соттун бардык инстанцияларында далилденгени, ошол адамдын сыйлык алышы кыргыз тарапты тынчсыздандырары айтылат. 
"АКШнын Мамлекеттик департаментинин А.Аскаровго сыйлык берүү чечими Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы достук мамиленин деңгээлине шайкеш келбейт жана кыргыз өлкөсүндө улуттар аралык биримдикти жана ынтымакты бекемдөө боюнча өкмөттүн аракетине зыянын тийгизет. Ошондой эле коомдогу стабилдүүлүккө жана жарандык тынчтыкка коркунуч жаратат. 
Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү АКШ өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган көмөктөшүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташтыкка байланышкан макулдашуудан бир тараптуу чыгууну демилгелейт",- деп айтылат билдирүүдө. 
Белгилүү болгондой, жакында А.Аскаровго сыйлык берилиши боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги АКШны айыптап билдирүү жасаган
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Азыр ал абакта. Жакында кыргыз жериндеги укук коргоочу уюмдардын бири А.Аскаровдун катуу ооруп жатканын айтып, аны эркиндикке чыгаруу тууралуу билдирүү жасады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: