super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги: Кыргыз жеринде жумушсуз жарандардын саны азаюуда

 
Кыргыз жеринде жумушсуз деп расмий каттоодо тургандардын саны 2015-жылдын июнь айынын жыйынтыгы боюнча 57 100 адамды түздү. Бул тууралуу 16-июлда Каржы министрлигинен билдиришти. Жумушсуздардын саны 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 пайызга азайганы айтылды. 

"Кыргыз мамлекетинде орточо эмгек акынын реалдуу өсүшүнүн азайышы 2015-жылдын январь-майында 1,4 пайызды түздү, учурда орточо айлык акы 12 247 сом деңгээлинде. Алдын ала маалыматтар боюнча, тышкы соода жүгүртүү 2015-жылдын январь-майында 2 миллиард 253 миллион 400 миң долларды түзүп, 2014-жылдын январь-майына салыштырмалуу 11,8 пайызга азайды. Мунун ичинде экспорт 604 миллион 500 миң доллардыимпорт 1 миллиард 648 миллион 900 миң долларды түздү",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: