super.kg logo
  Саясат  

Сариев Тышкы иштер министрлигинин ишине оң баа берди

 
Тышкы иштер министрлиги 16-июлда 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иши боюнча жыйын өткөрдү. Ага премьер-министр Темир Сариев катышты. Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев министрликтин ишин оң баалап, мындан ары улантууга чакырды.
"Министрликте иштеп жаткан кадрлардын көпчүлүгү жаштар экени кубандырат. Бардык департаменттерде иш үчүн керектүү шарттар түзүлүп, кызматкерлердин профессионалдык стандарттары аныкталган",- деди ал.
Ошол эле учурда Сариев министрликтин ишинде айрым кемчиликтер бар экенин белгиледи. Айтымында, Тышкы иштер министрлигине караштуу элчиликтер жана консулдуктар чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын коргошу керек.

“Айрым өлкөлөрдө элчиликтер жарандарыбыздын кызыкчылыгын тиешелүү деңгээлде коргобой жатышат”,- деди премьер-министр.

Ошондой эле экономикалык тармакта жана инвестицияларды тартууда мамлекеттик органдардын ортосунда координация жок болуп жатканын билдирди. Муну менен катар чет жердеги диаспоралар менен кызматташтыкты күчөтүү тапшырмасын берди.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: