Бишкекте террорист деп атылгандардын бири "кримтөбөл" Тариэл Жумагулов (Тоха) дешүүдө
Тоха деген ат менен таанымал болгон "кримтөбөл" Тариэл Жумагулов

Бишкекте террорист деп атылгандардын бири "кримтөбөл" Тариэл Жумагулов (Тоха) экенин укук коргоо органдарындагы өздүк булак билдирди. Учурда анын жакындары сөөгүн алып кетүү үчүн УКМКнын алдында турушат. Ал эми кармалгандар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экендиги жана алардын башында казакстандык кылмышкер Жанболот Амиров турганы аныкталган.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Маалым болгондой, алар 17-июль - Орозо айт күнү эл көп топтолгон жерлерде жана Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасында жардыруу уюштурууну пландашкан. Аскердик базаны жардырып, андагы куралдарды алууну көздөшкөн.
Айта кетсек, 16-июлда Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрү кесилишкен жерде согушчандар менен атышуу болгон. Андан 4 жоокер жаракат алды. УКМК жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө 5 согушкер өлтүрүлүп, 4 согушкер кармалды. УКМК кармалгандардын саны 7 адамга жеткенин 17-июлда билдирген.
Бишкекте террорист деп атылгандардын бири Тоха аттуу "кримтөбөл" Тариэл Жумагулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Биздин мамлекетте мусулмандар басымдуулук кылат, ИГИЛдин кызыкчылыгы жок бизге.