super.kg logo
  Саясат  

Улуттук гвардиянын 708-аскер бөлүгүндө президенттин келишине байланыштуу аскер техникасынын көргөзмөсү өтүүдө

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда Американын мурунку аскер базасында жайгашкан Улуттук гвардиянын 708-аскер бөлүгүндө президент Алмазбек Атамбаевдин келишине байланыштуу аскер техникасынын көргөзмөсү өтүүдө. Ага гвардиянын ок атуучу куралдарынын 20 чакты түрү, аскер унаалары жана мобилдик талаа ашканалары коюлган.

Улуттук гвардиянын 714-аскер бөлүгүнүн ага лейтенанты Актан Султановдун айтымында, көргөзмөгө коюлган талаа ашканасы 120 мүнөттө 250 аскерди биринчи жана экинчи тамагы менен камсыз кылганга жарайт. Ал эми аскер унааларынын 20 түрүнүн эң эскиси 2000-жылдарга таандык болсо, жаңылары 2005-жылдан беркилер. Муну менен катар көргөзмөгө жоокерлер кышында, тоодо жана токойдо кийип жүрчү кийимдер коргогучтары менен коюлган.

Улуттук гвардиянын аскерлери кийген кийим-кечек, жарак-жабдык (экипировка) болжол менен 30 килограмм салмакты түзөт. Аны менен каалаган жерде түнөсө болот, ошондой эле бир суткага жетерлик тамак-ашы болот. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: