super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Улуттук гвардиянын жаңы түзүлгөн 708-аскер бөлүгүнүн күжүрмөн туусун тапшырды

 

Бүгүн, 20-июлда президент Алмазбек Атамбаев Улуттук гвардиянын жаңы түзүлгөн 708-аскер бөлүгүнүн күжүрмөн туусун тапшырды. Ошондой эле өлкө башчы аскер кызматкерлерин Улуттук гвардиянын 23 жылдыгы менен куттуктап, эң мыкты 10 аскерге көп жылдык күжүрмөн кызматы үчүн алтын сааттарды ыйгарды.  

“Улуттук гвардия - ар бир өлкөдө эркиндиктин жана мамлекеттин символу. Ошондуктан Улуттук гвардияда кызмат кылуу - ар бир жоокер үчүн сыймыктуу иш. Акыркы кезде мамлекет куралдуу күчтөргө мамилени түп-тамырынан бери өзгөрткөн, армиябыздын күч-кубатын арттырууга бардык аракеттер көрүлүүдө. Аскер кызматкерлеринин эмгек акысы барган сайын көтөрүлүп, үйлөр курулуп, четинен берилип  жатат.

Аскердик реформалар жүрүүдө. Аскердик техника, керектүү курал-жарактар менен да камсыздалды. Акыркы жылдардан бери миң тоннадан ашык курал-жарак келди. Мындай кадамдар мамлекетибиздин коопсуздугун арттырат”,- деди президент. 

Айта кетсек, Аскер бөлүгү Чүй облусунун Аламүдүн районунда, АКШнын мурунку аскердик базасында жайгашкан. Расмий түрдө 2014-жылы 24-декабрда ачылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: