2015-жылдын 6 айында тоют камдоодо эң төмөнкү көрсөткүчтөр Баткен жана Талас облустарында катталды
Өлкөдө тоют өткөн жылдагыга салыштырмалуу 253,1 миң тоннага көбүрөөк жыйналды. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-июлга карата өлкөдө мал-жанга топтолгон тоюттун көлөмү 1 миллион 151,5 миң тоннаны түзүүдө. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 253 тоннага көп (өткөн жылдагы көрсөткүч - 898,5 миң тонна). Анын ичинен кесек тоюттун көлөмү 199,7 миң тоннага артса, чогултулган самандын көлөмү 46,7 миң тоннага көбөйгөн. Ошондой эле силостун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 6,6 миң тоннага көбөйгөн.
Тоют камдоодо эң төмөнкү көрсөткүчтөр Баткен жана Талас облустарында катталган. Облустардагы көрсөткүчтөргө төмөндө орун бердик:
2014-жыл 2015-жыл Жыйынтык
Республика 898,5 1151,5 253,1
Чүй 322,7 416,5 93,8
Талас 61,3 73,4 12,1
Ысык-Көл 76,7 114,1 37,4
Нарын 45,9 95,8 49,9
Ош 171,7 206,7 35,0
Жалал-Абад 180,5 195,9 15,3
Баткен 39,7 49,2 9,5


1 |