Бишкектеги согушчандардын иши боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакунов кармалды
Максат Кунакунов

"Манас" аэропортунан бүгүн, 20-июлда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты К.М.К. (ред. Максат Кунакунов) кармалды. УКМКнын билдиришинче, экс-депутаттын Бишкекте 16-июлда кармалган террористтер менен түздөн-түз байланышы бардыгы аныкталды.
Маалыматка таянсак, аталган экс-депутат Бишкектеги атышууда каза тапкан Тариэл Жумагуловго (каймана аты - Тоха) акча берип, террордук топту курал менен камсыздаган. Мындан тышкары Т.Жумагуловдун тобу бир катар каржы мекемелерине кол салып, алардан алынчу акчаларды өлкөдө баш аламандык чыгарууга, террордук иштерди уюштурууга жумшоо планы болгону айтылды.
"Бишкекте атайын операция учурунда жок кылынган "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун алдындагы согушчандар кармалган жаран (экс-депутат) менен тыгыз байланышта болгону белгилүү болду. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп билдирет мекеме.
Эскерте кетсек, Максат Кунакунов убагында "Ак жол" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал бүгүн өлкөдөн сырткары учканы жатканда кармалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Коомдук этиканы сактаңыз.
Провокация жарата турган сөздөрдү жазуудан алыс болуңуз.
Бир кресло учун ушунчалык согуш чыгарышып элдин тынчын алып бутушот экен тобоо дедим.
Эл учун жер учун эркектик намыстарын да которо билишпейт.
булар мамлекетти жулуп жеп бутушот, Кудай озу таразалайт, жеген арам нерселер м.н олбой туболук жашамак беленер, жегендин чыкканы бар!!!
Кабар УКМК берген маалымат боюнча жазылган.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.