super.kg logo

2015-жылдын 6 айында “Түндүк электр” ишканасынын капиталдык салымынын көлөмү 224,2 миллион сомду түздү

 

2015-жылдын 6 айында “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун капиталдык салымынын жалпы көлөмү  224,2 миллион сомду түздү. Бул коюлган пландын 99 пайызы аткарылды дегендик. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында 98 чакырымга жакын 10-6/0,4 кВ аба электр чубалгылары эксплуатацияга киргизилди. Ошондой эле 10/0,4 кВ 21 кошумча трансформаторлуу чордон орнотулду, 10/0,4 кВ чыңалуусундагы 22 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылды. Бишкекте жана Чүй облусу боюнча 35/10 кВ чыңалуусундагы төрт жогорку вольттогу көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. Бул көмөк чордондордо аз кубаттагы трансформаторлор кубаттуулугу 16 000 киловольт-амперди түзгөн жаңы төрт трансформаторго алмаштырылды.

Жалпысынан 2015-жылы “Түндүк электр” ААК 10/0,4 кВ чыңалуусундагы 90 км аба электр чубалгысын, 0,4 кВ чыңалуусундагы 100 км аба электр чубалгысы өзүн изоляциялаган зымды колдонуу менен 10/ 0,4 кВ чыңалуусундагы кабелдик чубалгыларды реконструкциялоону мерчемдөөдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: