Бишкекте банктардын биринин филиалына кол салуу болуп, коопсуздук кызматкери каза тапты
Бишкекте "ЭкоИсламикБанктын" филиалына кол салуу болуп, коопсуздук кызматкери каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн саат 09:30 чамасында болгон. Анда белгисиз адам Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан аталган банктын филиалына кирип келип, карактоого аракет кылган. Бирок ага коопсуздук кызматкери тоскоол кылган учурда кылмышкер аны атып, качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага бара жатканда каза тапкан.
Учурда окуя болгон жерде иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болсоңуздар.