super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Менин уулум жакында аскердик кызмат өтөөгө барат"

 

“Өзүнүн куралдуу күчтөрү, аскери жок мамлекетти колу жок адамга теңейм”. Мындай пикирин бүгүн, 20-июлда президент Алмазбек Атамбаев Улуттук гвардиянын 23 жылдыгына карата куттуктоосунда билдирди.

Колу жок адам же өзүн коргой албайт, же бирөөгө жардам бере албайт. Ошондуктан армияга таптакыр башкача мамиле болуш керек. Куралдуу күчтөрдүн аброю көтөрүлүүдө, бүгүнкү күндө керек болсо университет, институттарды бүткөндөр “армияга барам” деп жатышат. Арасында менин уулум дагы бар, быйыл катарыңарга кошулат.

Мен жаңыдан президенттикке келгенде чек арачылар арасында бош орундар көп, иштегени келгендер жок болчу. Азыр болсо, тескерисинче, келгендер көбөйүп, кеткендер жок. Бул элдин армияга ишеничи күчөгөнүнөн кабар берет.

Бир канча күн мурун Бишкекте террорчулар 4 аскерди жарадар кылышты. Гранатачан, тапанча менен отурган кылмышкерлерге коркпостон кирип барышты. Алардын үстүнө биринчи кирген жоокер 3 жеринен жаракат алган. Ошол күнү террорчуларды жок кылып, кырдаалды колго албаса, эртеси Айт намазда жүздөгөн адамдар каза болмок. Мына, Иракта Айт күнү 120 адам набыт болду. Бул кылмышкерлер өздөрүн исламчыбыз дешет, бирок алар накта мусулмандардын душманы.  

Жоокерлерибиздин күчүнө ишенем, өздөрүн накта Манас атанын уулдары катары көрсөтүп жатышат. Анткени азыр көрүп турасыздар, кеп санда эмес, сапатта. Биздин армия чакан болсо да күчтүү. Эч качан жергебизге согуш келбесин, тынчтыкта аман-эсен жашайлы”,- деди өлкө башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: