super.kg logo

Быйыл мамлекет буудайдын 1 килограммын 16,5 сомдон сатып алат

 

Быйыл мамлекеттик резервге дыйкандардан 20 миң тонна буудай алынат. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, Мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттиги буудайга болгон дүңүнөн сатып алуу баасын килограммына 16,5 сомдон деп бекитти.

Мамлекеттик резервге буудай камдоодо дандын сапаты төмөнкүдөй болушу керек: нымдуулугу - 14,5 пайызга чейин, таш, кум, отоо чөптөрдүн кошундусу - 2 пайыз, башка дан аралашмасы - 5 пайызга чейин, клейковина (эгиндин данынын курамындагы белоктук зат) - 23 пайыз.  

Чүй облусунун дыйкандары өндүргөн дан эгиндери импорттук азыктар менен тең тайлаша алат. Кыргыз жергесинде өстүрүлгөн буудай жыл сайын жакшырууда, бирок ата мекендик ун өндүрүүчүлөр эски адат менен буудайды чет жактан алып келишет. Өлкөбүздө өстүрүлгөн буудай генетикалык жактан мыкты чыгып, сапаты жана түшүмдүүлүгү жагынан бир топ алдыга жылды”,- делет маалыматта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.07.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо арзан болобу жылдыгына салыштырмалуу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: