super.kg logo

Эверестте сөөгү көмүлбөй ачык асман алдында калган альпинисттердин саны 150дөн ашат (фото)

 

Непалдагы Жомолунгма же дүйнө жүзүнө белгилүү болгон аталышы Эверестти "Өлүм тоосу" деп атагандар да бар. Жомолунгма чокусунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 55 метрге чейин жетсе, абанын температурасы түнкүсүн -60°Cге чейин түшөт. Анын бийиктиги бир нече жолу өлчөнүп, азыркы тапта чоку деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикте жайгашканы маалыматтарда жазылып келет. 

Эвересттен кайтпай калуусу мүмкүн экенин бардык альпинисттер билишсе да, дүйнөдөгү бийик чокуну багынтууга белсенгендердин саны арбын. Жер жүзүндөгү эң бийик чокуга чыккандардын 11 пайызы ошол жакта көз жумган. Көпчүлүгү кычкылтектин жетишсиздигинен, тоңуп калуудан жана башка жаракаттардан каза болушкан. Тарыхтагы көп адамдын өмүрүн алган окуя катары 1996-жылы май жана 2014-жылы апрель айындагы трагедиялар айтылат. Эки учурда тең аба ырайынын начардыгынан альпинисттер кар көчкүнүн астында калып, биринчисинде 8, экинчи окуяда 16 адам каза тапкан.

1924-жылы британиялыктар Жорж Мэлори менен Эндрю Ирвин Эвересттин чокусуна биринчилерден болуп чыгууну көздөп, максатына жетпей калышкан. Алардын биринин сөөгү 75 жылдан кийин табылса, экинчисинин сөөгү белгисиз бойдон.

 

1996-жылы май айында индиялык-тибеттик топтун мүчөлөрү тоонун түндүк тарабынан чокуга чыга башташкан. Эверестке чыккан индиялык үч альпинисттин бири да лагерге кайтып келген эмес. Биринин сөөгү кичинекей үңкүрдөн табылып, азыркы күндө да ошол жерде жатат. Анын бут кийиминин өңү альпинисттер үчүн топоним катары айтылып, 8500-метрди өз ара "Жашыл өтүк" деп белгилеп алышкан.

 

1998-жылы май айында түгөйлөр Сергей Арсентьев менен Френсис Дистефано да Эверестке чыгышкан. Аба ырайынын катаал шартынан улам 8200 метр бийиктикте чатырда 3 сутка туруп, чокуга чыгышкан. Кайра түшүп келе жатканда бирин-бири жоготуп алышкан. Френсис тапкан Ян Вудэл жана Кэти О’Дауд аттуу альпинисттер ага жардам бере алышкан эмес. 9 жылдан кийин гана кайра келип, өздөрү калтырып кеткен жерден Френсистин сөөгүн Американын туусуна ороп, бийиктиктен ылдыйга түртүп жиберишкен. Ал эми лагерге жалгыз келип, кайра аялын издеп чыккан Сергейдин сөөгү 1999-жылы табылган. 

2006-жылы май айында Эверестте болгон окуя бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө салган. Тоңуп, кычкылтеги жок өлүм алдында жаткан англиялык Дэвид Шарптын жанынан 42 альпинист жардам бербестен өтүп кеткен. Алардын арасындагы "Discovery" телеканалынын кызматкери сүрөткө тартып, интервью алганда 34 жаштагы Дэвид: "Менин атым Дэвид Шарп, мен Азия өтмөгү тобунанмын. Уйкум келип жатат",- деп жооп берген.

 

Эверестте өлгөндөрдүн статистикасын изилдеген адамдар жокко эсе. Чокуну багынтууга көпчүлүк учурда 3-5 адамдан турган топ болуп чыгышат. Алардын катарында жалгыздан чыккандар да жок эмес. Чокуга чыгууга болжолдуу түрдө 20 миң доллардан 60 миң долларга чейин кетет. Өз өмүрүн берип, Эверестте көмүлбөй калгандардын саны 150дөн ашуун адам.

аршрут менен бара жатканда адамдардын сөөгүн көргөндө өзүңө "тоодо өтө сак болуу керек" деген эскертүү аласың. Жыл сайын чокуга чыгууну каалагандардын саны өсүүдө. Бул каза тапкандардын саны да өсүшү мүмкүн дегенден кабар берет. Жашоодо орунсуз деп саналган көрүнүштөр бийиктикте нормалдуу деп эсептелип калат",- дейт СССРдин альпинизм спорту боюнча чебери Александр Абрамов.

Абанын температурасы төмөн болгондуктан, өлгөн альпинисттердин сөөгү дээрлик бузулбай, баштапкы бойдон сакталып калган. Александр Абрамовдун "өлүктөрдү аралап өтүү аркылуу Эверестти багындыруу кадимки көрүнүш деп кабыл ала берген туура эмес" дегени бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(18)
21.07.2015. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шумдуук
21.07.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тушунбодум 2000 $ 60000 $ га чейин жеткени кандай, расходубу же...???
21.07.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
A3A, Саламатсызбы! Альпинисттердин кийимдеринин баалары анын сапатына жараша болсо, кычкылтекти да сатып алышат экен. Чокуга чыгууну уюштурган коммерциялык организацияларга, альпинисттерди коштоп жүрүүчүлөр бар, буюмдарын көтөрүп, өзүн жаман сезип калса жардам берип, аскаларда жиптерди байлашкан адамдарга да акча төлөнөт.
Айпери Ганыжан кызы түзөттү 2015-07-21 13:41:07
21.07.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айпери Ганыжан кызы,
Саламатчылык!!! Рахмат жообунузга!
(жооп жазам деп минусту басып алыптырмын. Кечиресиз!)
21.07.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээЭЭээ шумдугун кургур.......
21.07.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа......
21.07.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ушуларга тан каламда тынч тирилик кылыша бербейби кудай деп эле
21.07.2015. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул спорттун туру боюунча интернеттен маалымат издесем сонун маалыматтар бар экен. Бул спорттун туру мага аябай жагат.

Супер-инфо ушул тууралу маалыматынар болсо жазгылачы. Эмне болупту тигилер багындырыпы?

Кечээ, 3-июлда
Тюмендин «Пионер»
спорт Ордосунун
бир топ
альпинисттери
Ленин чокусун
багындыруу үчүн
Кыргызстанга
келишти.
21.07.2015. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ZAIYR, Саламатсызбы альпинизм спорту боюнча макаланы бул шилтемеден окусаңыз болот. http://www.super.kg/article/show/14531
21.07.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZAIYR, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
21.07.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чокуга чыгып өлсөң катып кала берет экенсинда эстелик болуп ыхыыы
21.07.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.
21.07.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ажал издеп ааламды кыдыргандар,
Акча сарптап алп тоолорго багынгандар.
21.07.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мендагы чыгайын деп жатам шерик жок болуп жатат.
21.07.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Булардын ушундай жол менен коз жумушаарын бейишине жазып койгонда.
Туугандары издеп табышса болмок.
Самолет орттонгондо деле куйуп жок болгон сооктор аркылуу днн м.н туугандырын таап беришетко, ага болсо аябай коп акча кетет, а бул жерде сооктор ошо бойдон сакталуу турат, кызык экен эч конул болбой таштап коюшканы
KYRGYZJERI түзөттү 2015-07-21 18:35:32
21.07.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Буларга коп сумадагы акча толой окшойт ээ
22.07.2015. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чет элдик альпинисттер Жениш чокусуна чыгышып,багындырдык деп майрамдап жатышыптыр чокуда,бири бирин куттуктап.Бир маалда алардан жанына бир кыргыз басып келип, "эчки,теке-пеке корбодунорбу" деп сурап койот имиш.Корсо,ал ууга чыгып журуп эле давно багынтып койгон экен ))))
22.07.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кээ бир маалыматтарга караганда альпинисттер,бут мал мулкун болуштуруп,олорун билип эле кетишет экен, олуп калсам деп вертолетда даярдап коюшат экен, алар ошол чокуда олгонду, биз меккеге барып олгондой сезишет экен да, ошол жакта олсом да ыразымын дегендей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: