УКМК согушчандарды жок кылуу учурунда тартылган видеону таратты

Бүгүн, 20-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети согушчандарды жок кылуу учурунда тартылган видеону таратты. Анда атышып жаткандагы учур, бир канча адамдын жерде өлүп жатканы жана үйдөн табылган куралдар көрсөтүлгөн.
Айта кетсек, 16-июлда Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрү кесилишкен жерде куралчан согушчандар менен атышуу болгон. Андан "Альфа" атайын кызматынын 4 жоокери жаракат алып, согушчандардын бешөө өлтүрүлгөн. Ал эми 7 адам кармалган. Алар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экендиги жана алардын башында казакстандык кылмышкер Жанболот Амиров турганы аныкталган.
Кылмыштуу топ 17-июль - Орозо айт күнү эл көп топтолгон жерлерде жана Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасында жардыруу уюштурууну пландашкан. Аскердик базаны жардырып, андагы куралдарды алууну көздөшкөн.
УКМКнын согушчандарды жок кылуу операциясы



Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, көчүрүп ала аласыз: http://www.super.kg/media/uservideo/145681/
Кыргызстанды Кудай гана сактаптыр.