super.kg logo

Террорчуларды жок кылууда үйлөрү зыянга учурагандарга Бишкек мэриясы материалдык жардам көрсөтөт

 

Террорчуларды жок кылууда үйлөрү зыянга учураган жарандарга Бишкек мэриясы материалдык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, калаа башчысы Кубанычбек Кулматов жабыр тарткандар менен бүгүн жолукту. Айта кетсек, 16-июлда террорчуларды жок кылуу боюнча атайын операциянын натыйжасында борбордо жайгашкан 5 үй-бүлөнүн турак жайы зыянга учураган. Учурда эки үй-бүлөгө социалдык жатаканадан бөлмөлөр бөлүнүп берилген. Дагы эки үй-бүлөнүн турак жайы жарым-жартылай жабыркагандыгына байланыштуу электр энергия, газ жана байланыш калыбына келтирилүүдө. Ошондой эле дагы бир турак жайдын кожоюну үйүн ижарага берип келгендиктен, анын бүгүнкү күндө жашаган жери бар. 

Жабыркагандарга эми медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары мэрия аларга 50 миң сом, ал эми Биринчи Май райондук администрациясы ар бирине 30 миң сомдон бөлүп берет. Бул каражаттар биринчи кезекте керектүү болгон кийим-кечеге жана тамак-ашка жумшалмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.07.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ото аз сумма уят...
21.07.2015. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйду мамлекет куруп беребиз деп мойнуна алды элего эми жон гана жардам беруу менен тим болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: