Алай районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн суу чыгып, жер көчкү коркунучун пайда кылууда




Алай районундагы Мурдаш айылынын жашоочусу Талас Токтобаевдин үйүнөн жана үйүнүн айланасынан суу чыгып, жер көчкү коркунучун пайда кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, учурда үй ээсине турак жайынан убактылуу көчүп чыгуу тууралуу оозеки эскертүү берилди. Жеринде көрүп, чечим кабыл алуу үчүн ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментине райондук администрация башчысы тарабынан кат жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
0

Арыкты биринчи дилине казышсын суу бастырбай.