super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте согушчандар келтирген зыянды калыбына келтирүүнү тездетүү тапшырмасы берилди

 

Бишкекте 16-июлда согушчандарды кармоо операциясында келтирилген зыянды калыбына келтирүү маселеси боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдиргендей, комиссия тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чыгымдын көлөмүн аныктоодо.

"Келтирилген зыян боюнча алдын ала маалыматтар жакында дайын болот. Биринчи кезекте жабыркаган жарандарды тийиштүү жашоо шарты менен камсыздоо керек. Кыска мөөнөт ичинде жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү боюнча зарыл чаралар кабыл алынууга тийиш”,- деп билдирди Маматалиев. 

Комиссия мүчөлөрү окуя болгон жерге барышып, тармактык ведомстволордун жетекчилерине калыбына келтирүү процессин тездетүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилгенин билдиришти өкмөттөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: