super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Мамлекеттин өнүгүүсүн каалабагандарга күч колдонулат”

 

Бүгүн, 21-июлда Бишкекте Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун жаңы имаратынын ачылышында президент Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүн каалабагандарга күч колдонулат",- деп билдирди.

Анын айтымында, кээ бир адамдар бийликке келүүнүн айласын ойлоп, Жер-Үй кенинин иштетилишине каршы чыгышууда.

"Жер-Үй кени 300 сомго сатылганда эч нерсе дебей, качан ал 100 миң доллар же 6 миллион сомго сатылганда каршы чыгып жатышат. Эмнеге Жалал-Абадда, Чүйдө, Ысык-Көлдө кенди иштетсе болот, ал эми Таласта болбосун? Мамлекеттин өнүгүүсүн каалабагандарга алардын ордун көрсөтүш керек. 5 жылдан бери алардын башынан сылайбыз.

Кыргыз жергеси ошол эле коңшу Казакстанга окшоп бардык кендерин иштетиши керек.
Кары-картаңдардын пенсиясын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык жөлөк пулун көбөйтүү керек.
Мындан ары Кыргыз Республикасын ары-бери солкулдатканга уруксат бербейбиз",- деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: