Бишкекте атышуудан каза тапкандардын жакындары президентке кайрылышты

Бүгүн, 21-июлда Бишкекте террордук иш-аракетке каршы операцияда каза болгондордун жакын туугандары маалымат жыйын өткөрүп, президент Алмазбек Атамбаевге, өкмөт башчы Темир Сариевге кайрылышты. Алар каза болгон балдардын сөөктөрүн эртерээк берүүнү суранышты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Фото: Жамалидин Парманкулов
"Биз да балдарыбыздын сөөктөрүн кор кылбай, дин жолу менен эртерээк жерге берип алалы деп жатабыз. 17-июлдан бери УКМКнын алдында отурабыз. Күнөөлөрү болсо, тиги дүйнөдөн жазасын алышаттыр... Өлгөндөн кийин алар жерге берилиши керек да. Жансыз денени дагы суракка алышмак беле, беришсин",- дешти жакындары.
Айта кетсек, 16-июлда УКМКнын атайын кызматы Бишкектин эки жеринде террордук иш-аракеттерге каршы операция жүргүзүп, жалпы 7 согушкерди колго түшүрүп, 7 согушкерди өлтүргөн. Анын экөөсү кыргыз өлкөсүнүн жараны болгон. Анын бири 1982-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган "кримтөбөл" Тариэл Жумагулов (Тоха) болсо, экинчиси - 1978-жылы Нарын шаарында туулган Канатбек Усубалиев.
Согушкерлердин энелери балдарынын сөөктөрүн ала албай жатышат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

туура, чет жерде жакындарын бут суракка алышат жандарын койбой.