Бедаки айылында жүргөн сел 100гө чукул үйдү агызып, 10 чакырым жолду бузуп кеткен. Күндүн ысыгынан улам Тажикстанда мөңгүлөр эрип, суулардын деңгээли көтөрүлгөн. Акыркы күндөрү жамгырдын катуу жаашы да селдин жүрүшүнө түрткү болгон.
Тажикстанда селден каза болгондордун саны 7 адамга жетти

21-июлга караган түнү Тажикстандын көпчүлүк аймактарында сел жүрүп, каза болгондордун саны 7 адамга жетти. Жүздөгөн үйлөр жараксыз абалга келсе, көпүрөлөр, унаалар агып, инфраструктура кыйрады. Жалпысынан мамлекетке 50 миллион долларлык зыян келтирилди. Бул тууралуу тажикстандык ММКлар жазып чыгышты.
Тажикстандын чыгышындагы Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун администрациясынын маалыматына караганда, Ванч районунда эле жаратылыш кырсыгынан 6 адам көз жумган.
Сел биринчи Хорог-Дүйшөмбү унаа жолунун 450-чакырымына түшүп, көпүрөнү агызып кеткен. Кийинки сел оңдолуп жаткан көпүрө менен эки техниканы агызып кетип, айдоочу набыт болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

Рейтинг:
2

Мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Улуттар аралык түшүнбөстүктү жарата турган сөздөрдү жазууга тыюу салынат.