super.kg logo
  Саясат  

Абдырахман Маматалиев: "Бишкектеги атышууда каза тапкандардын сөөгү берилбейт"

 
Бишкектеги атышууда каза тапкандардын сөөгү туугандарына берилбейт. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 21-июлда билдиргендей, терроризмге каршы күрөшүү боюнча мыйзамга ылайык, жок кылынган жарандардын денеси берилбеши керек. Бул окуя боюнча атайын кызматтар иш жүргүзүп жатканы айтылды. 

Эскерте кетсек, 16-июлда Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде куралчан согушчандар менен атышуу болгон. Андан "Альфа" атайын кызматынын 4 жоокери жаракат алып, согушчандардын бешөө өлтүрүлгөн. 7 адам кармалып, алар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экендиги жана алардын башында казакстандык кылмышкер Жанболот Амиров турганы айтылган. Кылмыштуу топ 17-июль - Орозо айт күнү эл көп топтолгон жерлерде жана Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасында жардыруу уюштурууну пландашкан. Аскердик базаны жардырып, андагы куралдарды алууну көздөшкөн. 

Бул окуя боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов кармалды. УКМКнын билдиришинче, экс-депутаттын Бишкекте кармалган террористтер менен түздөн-түз байланышы бардыгы, атышууда каза тапкан Тариэл Жумагуловго (каймана аты - Тоха) акча берип, террордук топту курал менен камсыздаганы аныкталган






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: