Ак-Суу районунда 45 жаштагы тургунду мууздап өлтүрүп, ички органдарын кескилеген жаран кармалды
Ак-Суу районунда 45 жаштагы тургунду мууздап өлтүрүп, ички органдарын кескилеген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 16-июль күнү болгон. Анда 1970-жылы туулган Асанбай Малабеков мас абалында 1992-жылы туулган Э.Руслан аттуу баланы бетке чаап, бычак менен колго сайган. Ага ачуусу келген Э.Руслан айнек бөтөлкө менен Асанбай Малабековду башка чаап, бычак менен мууздап салган. Андан соң ички органдарын кескилеп, сыртка алып чыгып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Айта кетсек, 1992-жылы туулган Э.Руслан буга чейин акыл-эсинен жабыркап келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Кудай сактасын.
Алакандай олкобуз кайда баратат. Ар ким оз билгендей кылып, бардак заман.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, суроо же сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.