"We`ll Be" бий тобу АКШда өтчү Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн каражат издөөдө




"We`ll Be" бий тобу АКШда өтчү Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн каражат издөөдө. Бул тууралуу топтун мүчөсү Эрмек Керимбаев билдирди. Анын айтымында, бий тобу АКШнын Калифорния штатынын Сан-Диего шаарында өтө турган XIV заманбап бийлер боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунан өткөн.
“Учурда сынакка катышуу үчүн акча чогултуудабыз. Жалпысынан бизге 30 миң АКШ доллары талап кылынат. Анын 10 миң долларын таптык. Сынак 1-9-август күндөрү өтөт. Жеңүүчүлөр чемпион титулуна ээ болуп, 5 миң доллар сыйлык алышат, бирок бул башкысы эмес. Ар бир бийчи үчүн сынакта жеңүү - эң чоң байге, анткени аталган титул дүйнөлүк хип-хоп аренасына чыгууга жардам берет”,- деди Керимбаев.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы бийчилер Лас-Вегаста өткөн ушул эле сынактын жарым финалына чейин жетишкен. Анда бийчилерди негизги демөөрчү катары Бишкек мэриясы жана Ленин районунун акимчилиги каржылаган.

Балким чыгып калар..
Сыйлыгы 5миң$ болсо(анда да утуп калса)
чыгымы 30миң$ кандай болоор экен?
Бекер эле акчанар кетет.
Канча адамдар араба туртуп кунумдук нанын таап бироодон бир сом сурабай тирилик кылып журушот. А буларчы бир эле бийи 30мин$ болуп, дагы пайдасы козго корунбой турат. Андан коро жетим жесирлерге 300сом берип койсон суйунушуп журуп сага дуба кылат.
Олкобуздо ушундай талантту бийчи балдар бар экенине сыймыктангандын ордуна,алкыш айтып ийгилик тилегендин ордуна капкайдагы нерселерди жазыптырсынар да? Туура 30мин $ аз акча эмес бирок аттуу баштуу бай адамдар мынча акчасын бир кундо жеп койот же чачып койот? Чогултуп Тапса болот акчаны,булар бийлеп гана эмес ал жактагыларга КЫРГЫЗ деген атты жайып келишет Булардай бийчилер мактанган казактарда да жок! Абдан кучтуу таланттуу кыргыз балдары алга!!!
Болгонун айттым,Сенин айтканынды да туура эсептеймин,албетте жетим жесирлерге акча бериш керек жардам бериш керек аларды караш керек...
Бирок бул балдар Кыргызстанды дуйного таанытканы кетип жатышат да? Кыргызстандан да ушундай таланттулар бар экен дешсе эмне бул нерсе жаманбы??
Атайын сынактан отушсо анан 30 мин доллар жок деп барбай калышса бул олкобуздун шерменде болгону го?? Эгер казактар болгондо окмот озу жардам бермек мындай шансты колдо