super.kg logo

Баңгизат менен кармалган Абдували Акжолов 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

 

“Оор кылмышка шектелип жаткан отставкадагы полковник Абдували Акжолов мыйзам чегинде 8-20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн”. Муну бүгүн, 21-июлда SUPER.KG порталына Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын Тергөө башкармалыгынын башчысы Бактыбек Сүйүнбаев билдирди. Анын айтымында, 16-июлда Улуттук госпиталда жаткан Акжолов дарыгерлердин “дарылануусу толук бүттү” деген чечими менен ооруканадан чыгарылган.

“Кылмышка шектүү Абдували Акжолов Бишкек шаардык сотунун чечими менен №1-СИЗОго 2 айга камакка алынган. Ал Кылмыш жана жаза кодексинин 247-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) боюнча айыпталууда.

3-4-июлга караган түнү Акжолов 12 килограмм гашиш, кишен, Марголин үлгүсүндөгү тапанчасы 8 огу менен кармалган. Ал суракта Тажикстандын жараны ага 400 доллар берип, унааны жана анын ичиндеги баштыкты бирөөлөргө жеткирип берүүнү айтканын билдирди. Тажик жаранынын унаасын ал Бишкектин Түгөлбай ата - Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа токтоочу жайга койгон да, өзүнүн Ауди үлгүсүндөгү унаасына баңгизаты бар баштыкты салып Жал кичи районуна алып бараткан. Аны кармоого аракет кылганда Акжолов качуу аракетин көргөн. Иликтөө иштери жүрүүдө”,- деди Сүйүнбаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
21.07.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
россияда кармалганда пожизненно бермек а биз кыргыздар 2 жылдан кийин чыгарып жиберет башы оруп жатат деп
22.07.2015. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рожасын бузуп салышыптырго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: