super.kg logo

Түркиядагы баш аламандык: Күрддөр президент Эрдоганды "исламчыларды колдоду" деп айыпташууда

 

20-июлдагы жардырууга байланыштуу Түркиянын бир катар шаарларында баш аламандыктар орун алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, полиция кызматкерлери нааразычылыгын билдирген элди таратуу үчүн суу жана көздөн жаш чыгаруучу газды колдонушкан. Баш аламандыктардын катышуучулары "Ислам мамлекетинин" мүчөлөрүнүн террордук акт менен коштолгон аракеттеринин алдын алууга аракет кылган эмес" деп бийликтегилерди айыпташууда.

Күч органдары тарапка таштар жана бөтөлкөлөр ыргытылгандан кийин Стамбул полициясы чогулган топту таратуу максатында атайын каражаттарды колдонгон. Өлкөдөгү күрд коомчулугу Суруч шаарындагы жардыруудан каза болгондорго тилектештик билдирүү үчүн жаштарды аянтка чыгууга үндөгөн.

"Ирак менен Левант Ислам мамлекетин" жок кылууну талап кылгандар мамлекет башчысы Режеп Эрдоганды "исламчыларды колдоду" деп айыпташты.

Түркия менен Сириянын чек арасынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан маданий борбордогу теракт боюнча жоопкерчиликти эч ким ала элек. Жардырууда 30дай адам набыт болуп, 100дөн ашуун адамдын жаракат алганы маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.07.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул куртторду ХХХ ХХХ ХХХ тынчып калат эле. Эрдоган чынында жакшы адам. Мусулмандарды колдойт. Курттор мусулман эмес.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-07-22 12:05:19
22.07.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: