Ысык-Көл облусунда каракчылык менен алектенген кылмыштуу топ кармалды



Ысык-Көл облусунда каракчылык менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя июль айынын ортосунда Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында болгон. Анда белгисиз бет капчан адамдар айыл тургунунун үйүнө киришип, күч колдонуп, коркутуу жолу менен 30 миң сом акчасын жана баалуу буюмдарын алып кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүүлөрдүн төртөө Бишкектен, бирөө Нарын облусунан кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
argen.kg4

21.07.2015. 22:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурунун арты кууш деген ушул.Арам тамак аш болбойт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.