Бишкекте “Кыргыз жергесинин сулуусу-2015” сынагынын финалы өтүүдө
Уюштуруучу Рыскуля Намазбекова
Бүгүн, 21-июлда Бишкекте “Кыргыз жергесинин сулуусу-2015” сынагынын финалы өтүүдө. Ага жашы 16дан 23кө чейинки 19 бийкеч катышып жатат. Сынак 4 этаптан турат: өзүн тааныштыруу, кыргыздын улуттук бийин бийлөө, интеллектуалдык суроолорго жооп берүү жана кече көйнөгү менен чыгуу.
Уюштуруучу Рыскуля Намазбекованын айтымында, сынак Ош шаарында өткөрүлмөк, бирок катышуучулардын ата-энелери каршы болгондугуна байланыштуу Бишкекте өтүүдө.
“Сынактын жеңүүчүсү быйыл Кытайда өткөрүлө турган “Дүйнө сулуусу-2015ке” катышууга жолдомо алат. Анын чыгымдарын толугу менен өзүбүз каржылайбыз. Болжол менен 15 миң доллар талап кылынат экен”,-деди Намазбекова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
4
4

Супер-Инфо
super.kg видео
















мындан чон акча тушот окшойт,
болбосо болбойт беле?!