Жантөрө Сатыбалдиев иш сапары менен Ош облусуна барды
Бүгүн, 27-февралда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бир күндүк иш сапары менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирет. Премьер-министрдин иш планына жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышуу, ЮСАИД Эл аралык кызматташуу уюмунун долбоору менен берилген айыл чарба техникаларын жана жабдууларын Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын үрөнчүлүк чарбаларына тапшыруу иш-чарасы кирет. Мындан тышкары өкмөт башчы Кара-Суу районундагы “Отуз-Адыр” каналында жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштери менен таанышат жана бир катар социалдык мекемелерге барат .
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

