super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизилди

 

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - жарандарды ишке жайгаштыруу боюнча мыйзамсыз ишмердик үчүн администрациялык жоопкерчиликти жогорулатуу.

Ушул максатта Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 77-беренесинде белгиленген колдонуудагы айып салуу көбөйтүлөт жана жарандарга салынчу администрациялык айып акынын көлөмү так белгиленет. Жарандарга – эсептешүү көрсөткүчүнүн 75 (колдонуудагы ондон жыйырмага чейинкинин ордуна), кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн 180 (колдонуудагы  элүүдөн жүзгө чейинкинин ордуна), юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 750 (колдонуудагы үч жүздөн жети жүзгө чейинкинин ордуна) өлчөмүндө администрациялык айып салынат.

77-берене 2-бөлүк менен толукталат. Анда бул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза колдонулгандан кийин кайра кайталанса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттан ажыратуу чарасы каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: