super.kg logo
  Саясат  

Дастан Бекешев өкмөттүн АКШ менен келишимди денонсациялоосун "чектен чыккандык" деп атады

 
Кыргыз өкмөтүнүн АКШ менен кызматташуу боюнча келишимди денонсациялашы социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттүн бул кадамын "катачылык" деп атады. "Эң башкысы, Жогорку Кеңеш, өкмөт жана башка мамлекеттик органдар донордук колдоодон ажырады. Жалпылап айтканда, келишимди денонсациялоо - керексиз жана чектен чыккан аракет",- дейт депутат.
Эскерте кетсек, Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган көмөктөшүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташтык келишиминен бир тараптуу чыгуу тууралуу токтомго бүгүн, 21-июлда премьер-министр Темир Сариев кол койду. Мындай кадамга АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2010-жылкы Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго "Адам укугун коргоочу" сыйлыгын бериши себеп болду. Токтом быйыл 20-августта күчүнө кирет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: