super.kg logo
  Саясат  

Сариев Салык кызматынын жетекчисине өз ишин жөндөй албаган жетекчилерге чара көрүүнү тапшырды

 

21-июлда Мамлекеттик салык кызматынын 2015-жылдын биринчи жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйын өттү. Жыйында кызматтын жетекчиси Замирбек Осмонов 2015-жылдын алгачкы 6 айындагы салык жыйноонун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Салык кызматы тарабынан болжолдонгон 21,5 миллиард сомдун ордуна 22,1 миллиард сом суммасында салыктарды жана төгүмдөрдү жыйнаган, башкача айтканда, аткаруу 102,5 пайызды түзүп, 549,5 миллион сомго ашыкча аткарылган. 2014-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда түшүүлөр 3,1 миллиард сомго көбөйүп, өсүү темпи 116,5 пайызды түздү. Тиешелүү жетекчилердин маалыматын уккан премьер-министр Темир Сариев Салык кызматынын аткарган ишине баа берип, айрым кемчиликтерин белгиледи.

Өз сөзүндө Темир Сариев өлкөнүн ЕАЭБге кошулуу шартында Салык кызматынын мааниси дагы жогорулап, бир катар жаңы милдеттер кошулганын билдирди. Буга байланыштуу премьер-министр Салык кызматы өз ишин жакшыртып, республикалык бюджеттин киреше тармагын толтурууга аракетти күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Премьер-министр Баткен району, Сокулук району, Жайыл району, Балыкчы шаары, Ош шаарынын жана Ош облусунун Салык кызматтары болжолдонгон планды ишке ашырууда өз ишин аткарбаганын билдирип, аталган салыкты камсыздоодо бир катар кемчиликтерди кетиргенин айтып өттү.

Ошондой эле Темир Сариев Салык кызматында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү керектигин айтып, кызматтын жетекчиси Замирбек Осмоновго өз ишин жөндөй албаган жетекчилерге карата чара көрүүнү тапшырды.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: